КЫРГЫЗ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮН ТҮРЛӨРҮ
Elements
-
Country : Кыргызстан
-
Country : Кыргызстан
-
КуурчакКуурчак — бул ар түрдүү кездемелерден жана жыгач, кийиз сыяктуу материалдардан жасалган куурчак.Country : Кыргызстан
-
КомузКомуз — кыргыздардын салттуу чертме кылдуу аспабы. Ал мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан (өрүк, жаңгак, арча ж.б.) жасалат. Комуздун негизги бөлүктөрү: башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы жана үч кылынан турат. Жыгач усталары куралдар менен (керки, бычак, ийги ж.б.) аспапты жасашат. Комуздун кылдары кылы кайыш менен бекитилип, кылдын чыңдалышы үнүн түзөт. Үн жыш жыгачтын жиктеринин сапатына жараша жакшы чыгаары белгилүү. Комуздун үнү боз үйдүн, эмеректин мүнөзүнө жараша ар башкача тарайт. Аспапты жасоодо жыгачтын сапаты жана аны иштетүү техникасы эң маанилүү болуп саналат.Country : Кыргызстан
-
ПанноСайма жана курак паннолор — кездемелердин бетине сайма түшүрүү жана көркөм чыгармачылыктын жардамы менен жасалат. Мыкты саймалчылар сайма сайып, көчөт салып, кездемелердин калдыктарынан курак куруп, паннолорду жаратып, үйдүн көркүн ачышат.Country : Кыргызстан
-
АйкелАйкел — таштан, жыгачтан, металлдан же башка материалдардан жасалган көркөм чыгарма. Ал адамдын, жаныбардын элесин же ар түрдүү образдарды чагылдыруу үчүн жасалат. Айкел көркөм өнөрдүн бир тармагы болуп, кооздук, тарыхый эстелик жана диний ишенимдерди билдирүү максатында колдонулат.Country : Кыргызстан
-
Чыны капЧыны сала турчу ашкана буюму. Ал чыбыктардан тизилип ортодо жыгачка бекитилип жасалган түрү жана бир өңчөй жыгачтан жасалган түрү бар. Үстүндө капкап бекитилип байланат.Country : Кыргызстан
-
Жыгач кооздуктар жана буюмдарЖыгачтын кооз бутактарынан же бөлүктөрүнөн кооздолуп жасалган интерьер буюмдары же сувенирлер.Country : Кыргызстан
-
ПанноСайма жана курак паннолор — кездемелердин бетине сайма түшүрүү жана көркөм чыгармачылыктын жардамы менен жасалат. Мыкты саймалчылар сайма сайып, көчөт салып, кездемелердин калдыктарынан курак куруп, паннолорду жаратып, үйдүн көркүн ачышат.Country : Кыргызстан
-
КуурчакКуурчак — бул ар түрдүү кездемелерден жана жыгач, кийиз сыяктуу материалдардан жасалган куурчак.Country : Кыргызстан
-
Жыгач эмерекЖыгачты кырып-чабып, күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар жасалган: сандык, үстөл, отургуч ж.б. Ар бир буюм кооз оюулар менен кооздолгон жана үйдүн негизги жабдуусу болгон.Country : Кыргызстан
-
ЧекичЧекич — нан, лепёшка сыяктуу камыр азыктарына оймо түшүрүп, тешикчелерди жасоого арналган атайын аспап. Ал жыгачтан жасалган жарым шар сымал формага ээ болуп, үстүнө сабы орнотулат. Төмөнкү бөлүгү майда башсыз мыктар менен кагылып, камырга басканда оймо жана майда тешикчелер пайда кылат. Чекичти колдонуу нанды көрктөндүрүп гана койбостон, камырдагы ашыкча абаны чыгарып, даамын жана формасын жакшыртат.Country : Кыргызстан
-
БешикБала бөлөнө турган, терметүүчү жыгач керебетче. Адатта бешикти биринчи жээнине деп, арнап жасап жентек тойго алып келишкен. Бешик менен байланыштуу бешик жеткирүү деген салт Кыргызстандан баардык аймактарында болгон. Бешикти арчада жасалганы өтө маанилүү орунда турган, себеби арчага оору-сыркоо жолобойт деген ишеним болгон. Бешиктин төшөнчүсүн, ороо чулгоосун табийгый кездемелерден гана жасашкан. Бешике бөлөнгөн бала тынч уктап, таза чоңойгон. Баланын бешиктеги абалы, эненин курсагындагы абалы менен бирдей делген маалыматтар бар. Тукум улап, келечек муунду тарбиялоодо маанилүү орду бар бешикти чоочун бирөөгө берүүгө, эгер жакын туугандарына берип калса куру берүүгө болгон эмес. Бешикти куру терметпе, бешикти бутуң менен терметпе, бала бөлөнгөн бешикти бут жагы менен эшиктен чыгарба деген тарбиялык жана адамдык сапатты өйдө көтөргөн тыйуулар болгон. Адатта бир бешик менен бир үй-бүлөөнүн балдары чоңоюп, ал бешик кийинки муунга өткөрүлүп берилген.Country : Кыргызстан
-
АйкелАйкел — таштан, жыгачтан, металлдан же башка материалдардан жасалган көркөм чыгарма. Ал адамдын, жаныбардын элесин же ар түрдүү образдарды чагылдыруу үчүн жасалат. Айкел көркөм өнөрдүн бир тармагы болуп, кооздук, тарыхый эстелик жана диний ишенимдерди билдирүү максатында колдонулат.Country : Кыргызстан
-
КанжарКанжар — эки жагы тең курч болгон, кыска жана түз бычактуу курал. Ал жакындан кармашта, ошондой эле күнүмдүк тиричиликте колдонулган. Канжардын сабы жыгачтан, мүйүздөн же металлдан жасалып, кооз оймо-чиймелер менен безелиши мүмкүн. Эл ичинде канжар эр-азаматтын эрдик, күч жана коргонуу символу катары бааланган.Country : Кыргызстан