Издөө
ICH Элементтер
Жыйынтыктар : 140
Көбүрөөк көрсөтүү
-
КуюшканАттын ээрин эңкейиште моюнуна карай жылып кетүүдөн сактайт. Андан алтыга чейин талааланган «кошундунун» беттери «чымын канат», «жылдызча», же «байчечек» өңдүү оюм-чийимдерге жыш толгон. Айлакер усталар куюшкандын «кошундусун» сегиз талаалата да бере турган. Ат жабдыктарынын бул бөлүгү аттын бели менен соорусуна жайыла салаалап, күнгө чагылыша түшкөн.Өлкө : Кыргызстан
-
ӨтүкАялдар эркектердикиндей эле кончтуу өтук кийишкен, аны кол булгаарынын кызыл-күрөң түстөрүнөн ултарышкан.Өлкө : Кыргызстан
-
КомузКомуз — кыргыздардын салттуу чертме кылдуу аспабы. Ал мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан (өрүк, жаңгак, арча ж.б.) жасалат. Комуздун негизги бөлүктөрү: башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы жана үч кылынан турат. Жыгач усталары куралдар менен (керки, бычак, ийги ж.б.) аспапты жасашат. Комуздун кылдары кылы кайыш менен бекитилип, кылдын чыңдалышы үнүн түзөт. Үн жыш жыгачтын жиктеринин сапатына жараша жакшы чыгаары белгилүү. Комуздун үнү боз үйдүн, эмеректин мүнөзүнө жараша ар башкача тарайт. Аспапты жасоодо жыгачтын сапаты жана аны иштетүү техникасы эң маанилүү болуп саналат.Өлкө : Кыргызстан
-
ЧаначЭчкинин, койдун терисинен туюк сойулуп, ийленип, ышталып жасалган идиш. Кымыз, айран сыяктуу суюктуктарды куюп алып жүрүү үчүн колдонулган.Өлкө : Кыргызстан