Издөө
ICH Элементтер
Жыйынтыктар : 116
Көбүрөөк көрсөтүү
-
ҮзөңгүҮзөңгү – ат үстүндө тең салмакта жүрүүдө, аттанууга, теминүүгө ылайыкталган, ээрдин эки капталына тагылган жардамчы жабдык. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш жалаткан) деп аталат. Үзөңгү жыгачтан да, мүйүздөн да жасалган. Учурда көөнө түрү сейрек кездешкени менен, заманбап даяр түрлөрү арбын сатылып, кеңири колдонулуп келет.Өлкө : Кыргызстан
-
ТегиричБул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда «чагырмак көчөт», «мүйүз көчөт» деп да аталышы тегин эмес. Термечи ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жипти түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.Өлкө : Кыргызстан
-
КөөкөрАтайын кымыз куюуга колдонулган идиш. Төөнүн, уйдун терисинен кептеп, бычып, тигип, ыштап жасалган кооз идиш. Көөкөрдүн моюну узун, оозу кууш, түбү кенен, койгонго ылайыктуу түптөлүп, эки жагынан ийин чыгарылып жасалган. Көкөрдүн бетине оюум-чийим батырылып түшүрүлгөн да, кебин карматыш үчүн ичине куш салынган. Оозуна жыгачтан жонуп, кооздоп тыгын жасашкан. Бардыр адамдар көөкөрдү күмүш менен да асемдешкен.Өлкө : Кыргызстан
-
Жыгач ооз комузЖыгач ооз комуз — тили жыгачтан жасалган, эриндин, тиштин жана демдин жардамы менен үндү чыгаруучу үйлөмө музыкалык аспап.Өлкө : Кыргызстан